Генералдык прокуратуранын мурдагы башкы тергөөчүсү Кылычбек Арпачиев 14 жылга кесилди
Кылычбек Арпачиев
Генералдык прокуратуранын тергөө башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Кылычбек Арпачиев 14 жылга кесилди.
Чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарды.
Ага ылайык, Арпачиев экс-депутаттын уулунан 100 миң доллар пара талап кылганына күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 14 жылга эркинен ажырады.
Эске салсак, Арпачиев былтыр 24-мартта өз кабинетинде 100 мин доллар алып жатканда кармалган. Аны менен бирге коррупцияга тергөөчү Жеңиш Сеитов шектелүүдө.
Comments are closed.